Баткендик мекенчил журналист Арзыгүл Галымбетова дүйнө салды

0
4320

Баткендин чыгаан журналист кызы Арзыгүл Галымбетова,38 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. 2022-жылдын 26-мартына караган түнү, ооруканада каза болгону кабарланды.

“Чек арачы журналист” аталган Арзыгүл Галымбетова коомчулукка мекенчил журналист катары таанымал. Ал өзгөчө Баткен облусунда  чек арага байланышкан окуяларды ыкчам, так, калыс чагылдырган, мыкты журналист эле

Галымбетова Арзыгүл Эшматовна 1984-жылы 24-ноябрда Баткен шаарында туулган.

Ал К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде жогорку билимге ээ болгон.

Ал Кыргызстандын жергиликтүү, республикалык бир катар  маалымат караражаттарын эмгектенип, тажрыйба топтогон.

Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында 10 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенди.

2010-жылдан тартып,Акипресс маалымат агенттигинин Баткен облусундагы өкүлү катары эмгектенип келген.

Салам медианын жамаатынын атынан, маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз,аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жаткан жериңиз жайлуу болсун, урматтуу  Арзыгүл Эшматовна.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here