Кадамжайда эки айда эки бала сууга чөгүп каза болду

0
422

Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча эскертмелер берилип жатат.

Кадамжай район аймагындагы көлмөлдөрдүн, агын суулардын, дарыя, каналдардын бойлорунда жашаган жергиликтүү тургундарга Кадамжай милициясынын  балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери эскертүү актыларын берип жатышат. Ошондой эле ар бир ата-энеге жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Былтыр жайында  милиция кызматкерлери ар бир айыл аймактардагы кооптуу жерлерди текшерип чыгып, эскертүү тактайчаларын илип чыгышкан.

2022-жылдын 2 ай аралыгында Кадамжай району боюнча мектеп жашына чейинки 2 бала сууга чөгүп каза болгон.Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here