15-май күнү Ош облустук төрөт үйүндө 3 эм кыз төрөлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз кабарлайт.
3 эмдин энеси Баткен районунун Бужум айылынын 29 жаштагы тургуну Айзирек Маликова.
3 эмдин атасы Урайым уулу Жаныбай Кадамжай РИИБдин милициянын кенже лейтенанты. Ж.Садиров атындыгы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө инспектору болуп эмгектенет.
Учурда эне жана кыздардын ден соолугу жакшы.