Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңешме өттү

0
315

Баткен облусунда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу “Салам Медиага” Президенттин Баткендеги өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кызжибек Тагаева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кеңеш 2017-жылдан баштап иштеп келет. 27 кызматкерден турган кеңеште жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, билим берүү, ички иштер, журналисттер, дин жана  социалдык кызматкерлердин өкүлү бар. 

Ошондой эле, эл арасында чет өлкөлөргө иштегени баруучу жарандарга, өз укук, милдетин билүүсү үчүн түшүндүрүү иштери, студенттер, мектеп окуучуларына коопсуз миграция жана адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалымат берүү, 30-июнь бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата иш чараларды өткөрүү, массалык маалымат каражаттарында адам сатуунун алдын алууга багытталган берүүлөрдү даярдоо тапшырмалары коюлду.

Белгилей кетсек, адам сатууга каршы күрөшүү боюнча облус аймагында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча, Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн  атайын буйругу чыккан.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here