Баткенде үч прокурор кызматтан алынды

0
860

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматынан бошотулду.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камалдинов тастыктады. Ал “Лейлек районундагы  жер чырына байланыштуу иш тергелип жатат, мыйзамдуу чечим кабыл алынышы үчүн алар ээлеген кызматтарынан бошотулду” деп билдирди.

Белгилей кетсек, журналист Ыдырыс Исаков Лейлектеги жер бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыздыктар тууралуу берүү даярдаган. Андан соң коомчулук прокуратура органдары бул ишти дыкат иликтөөсу зарыл экенин айтышкан.

Ыдырыс Исаковдун берүүсүндө мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары  нааразылык акцияларына чыгууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here