ККМ колдонуп кирешеңизге жараша салык төлөнүз

0
378

Ушул тапта салык кызматкерлери ишкерлерге көзөмөл кассалык аппараттарды колдонуу жана орнотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүүдө. Учурда Баткен шаарынын соода түйүндөрү жана дарыканалар акырындык менен программалык ККМ менен иштөөгө өтүүдө.

Баткен шаардык салык кызматынын бөлум башчысы Замир Сапаровдун бизге берген маалыматтында, бүгүнкү күндө, жалпы 173 салык төлөөчү ККМ колдонуу менен иштеп жатат.

Ал, товар жүгүртүүсү 8 млн сомго барабар болгон ишкерлер салык төлөөдөн бошотулат. Ал үчүн ишкер милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек экенин белгиледи. Ошондой эле, ККМдин максаты сатып алуучулардын укугун коргоо, ишкерлердин жылдык соода жүгүртүүсун аныктоо менен, жеңилдиктерге жетишүүсүнө шарт түзүү, өлкө казынасын толтурууда ачык айкындуулукка жетишүү, деп кошумчалады.

Адистер өлкөдө ККМдин аппаратттык жана программалык түрү сунушталып жатканын, программалык түрүн, бекер жүктөп алса болот, бул компьютерге же уюлдук телефонго орнотула турган кассалык чектин электрондук форматы. Ал эми аппараттык түрү үчүн ишкер, учурда РСК банкына арыз менен кайрылып, алса болоорун эскертишет.

Белгилей кетсек, ар бир сатып алуучу, соода жайларынан чектерди талап кылуу менен, бул өнөктүктүн ишке ашуусуна салым кошот.

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here