Баткен шаарында 4900 жаран жер алуу үчүн кезекте турат

0
504

Баткен шаарынын тургундарына акыркы жолу турак жай салуу үчүн жер, мындан 10 жыл мурда берилген. Тагыраагы 2012-жылы Чет-Булак кварталынын Подстанция деп аталган участкасынан 700дөн ашуун жаран жер алган. Мына ошондон бери жер алуу үчүн кезекке тургандардын саны төрт миңден ашкан.

Узак убакыттан бери, жарандарга турак жай үчүн жердин берилбегендиги, көпчүлүк үй бүлөлөрдүн көйгөйүнө айланган. Анткени шаарда кыймылсыз мүлккө болгон баа, борбордогу баа менен барабар. Аны сатып алууга баарынын эле чамасы жете бербейт. Андыктан шаар тургундары жергиликтүү бийликтин жер берүүсүн чыдамсыздык менен күтүп келишет.

Баткен шаарынын тургуну, Дилшат Балтабаев 2008-жылы жер алуу үчүн агасы экөө шаардык мэрияга арыз жазганын айтып берди. Ал «андан бери, мэрияга 10-20 жолу бардым, беребиз дейт, бирок жер берише элек,бир тууган эки агам да турак жайы жок, жер, үй алуу үчүн, үй-бүлөсү менен Бишкек шаарына иштегени кетишкен», дейт.

Ал эми шаардын дагы бир тургуну, үч уулдун атасы Тажидин Ысмайылов да, балдарынын эч кимисинде турак жай салуу үчүн жери жок экенин, эки баласына жер алуу үчүн арыз жазып, күтүп жүргөнүн, турак жайга өтө муктаж экенин айтты.

Жарандардын бул муктаждыгын чечүү үчүн, шаардык мэрия акыркы төрт жылдан бери, жерди трансформациялоо жумуштары менен алек.

Азыркы тапта, белгиленген жер участогу трансформациялоонун жол жобосунан өтүп, өкмөттүн кароосунда дейт, Баткен шаардык муниципиалдык менчик департаментинин башчысы Акрамали Акматов.
Ал, Баткен шаарынын Кызыл- Жол кварталынын Бам участкасынан 158 гектар, Чет-Булак кварталынын Түлкү-Таш участкапсынан 41,6 гектар жер трансформацияга берилген. Мыйзамга ылайык, жер берүүдө жарандардын кезеги сөзсүз сакталат, ошол эле учурда алардын муктаждыктарына да маани берилет дейт.

Тагыраагы эгер кезеги жеткен жаран, акыркы жылдары кыймылсыз мүлк сатып алган болсо, аларга убактылуу чектөө коюлат.Анткени ал муктаж эмес,комиссия анын кезегин кийинкиге жылдырып, чыныгы муктаждарга берүү чечимин кабыл алса болот деп кошумчалады.

Ошондой эле шаарда турак жайга жарактуу жерлер аз болгондуктан, алдыда берилүүчү жерлер, ар бир жаранга 4 сотыхтан берилээрин белгилейт.

Аны менен катар, бул көйгөйдөн чыгуунун бирден бир жолу,жеке менчикке жер берүү менен чектелбестен,шаарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл. Быйылкы жылы биз жогоруда мен айткан Түлкү-Таш участкасындагы 41,6 гектар жерге, көп кабаттуу үйлөрдү куруу планыбыз бар, дейт Акрамали Акматов.

Айжамал Абдикаарова

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here