Украинадагы абал: Акыркы маалыматтар

0
973

24-февралда башталган куралдуу жажалдан улам,Украинадан чыгып кеткен жарандарынын саны 400 миңге жакындады. Мындай маалыматты БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди. Качкындардын саны дагы өсүп жатканы да айтылды.

Орусия Украина салгылашы бүгүн төртүнчү күн уланууда. Куралдуу жаңжал, аткылоо, бомбалоолор менен коштолгон эң катуу салгылаш Украинанын борбору Киевде да болуп жатат.
Ал ортодо Европанын 20дай мамлекети, Орусиянын учактарына аба мейкиндигин жапты.

Ошондой эле Европанын бир катар өлкөлөрүндө Украинаны колдогон, Орусиядан согушту токтотууну талап кылган акциялар өтүп жатат.
27-февралда миңдеген адамдар Берлинде чогулуп, «Согушту токтот! Путинди токтот!», «Украинадан колуңду тарт!» деген жазуулар менен чыгышты.

Ал эми Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланып жатканын Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстандын Украинадагы консулунун көмөгү менен 27-февралда кыргызстандыктардын тобу Польша, Молдавия өлөлөрүнүн чек арасынан өтүп, мейманканаларга жайгаштырылганы маалымдалды.

Дүйнөлүк маалымат каражаттарына таянсак, учурда Украина менен Россия сүйлөшүү үчүн Беларусияда жолугууну макулдашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here