Украина Орусия жолугушуусу:Тараптардын пикири

0
435

Украина президенти Владимир Зеленский, Украина менен Россиянын делегацияларынын жолугушуусунан соң кайрылуу жасап, анда, аткылоолор сүйлөшүү процесси менен жарыша болгонун, Украинанын аймактарын бомбалоо, шаарларын аткылоо менен коштолгонун айтты. Ал украин тарап сүйлөшүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгын талдап чыккандан кийин, экинчи айлампанын жол-жобосун аныктай турганын кошумчалады.

Ал эми Орусиялык делегацияны жетектеп келген президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айтты. Ал тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешээрин, аны беларус-поляк чек арасында өткөрүү тууралуу макулдашканын айтты.

Белгилей кетсек, кечээ 28-февралда Орусия менен Украина, Беларус-Украин чек ара аймагында сүйлөшүү үчүн жолуккан.

Кошумчалай кетсек, Москваны Украинага кол салды деп айыптап, Европанын бир катар өлкөлөрү, Орусияга карата санкцияларды жарыялашууда. Кечээ 28-февралда Канада, Орусиядан мунай сатып алууну токтотоорун жарыялады.Мындан тышкары Канада Украинанын армиясына курал-жарактарды жана ок-дары бере турганын билдирди.

Ал эми АКШнын Москвадагы элчилиги америкалык жарандарды Орусиядан тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Мындай чакырыкка көпчүлүк мамлекеттер орусиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндиктерин жапканы себеп болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here