Чек ара айылында сарай өрттөндү

0
534

Бүгүн 9-ноябрда, болжол менен саат 05.30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Дахма жерлигинде ,шартуу чек ара сызыгына жакын жерде Кыргызстандын А.Ж., аттуу жаранынын сарайы күйүп кеткен.

Саат 06.15 Баткен облусунун ӨКМнин кызматкерлери таратынан өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Тиешелүү органдар тарабынан өрттүн келип чыгуу себептерин териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү маалымдады.

Аталган мекемеден билдиришкендей  2021-жылдын 9-ноябрына, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here