Кызыл-Кыя шаарында мал уурулуктун алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат

0
452

Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери мал базарларга, мал союлучу жайларга барып мал уурулуктун алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.Бул тууралуу баткен облустук ИИБнан маалымдашты.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө малдардын идентификациялык ээндери, коюлган тамгалары жана тиешелүү документтери текшерилди. Мал ээлери жана базардын администрациясы менен сатылып жаткан малдардын тиешелүү документтерин текшерүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, милиция кызматкерлери мал ташыган унааларды да текшерүүдөн өткөрүштү.
Кызыл-Кыя шаарында мал уурулук быйыл катталган эмес. Бирок, кошуна Кадамжай, Араван, Ноокат райондорунан уурдалган малдар Кызыл-Кыя шаарындагы мал базарларда сатылып калбашын алдын алуу.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга мал сарайларга түн ичинде кулпу салууну, жарыктандырууну, жайытта же болбосо талаага малды кароосуз калтырбоону эскертип, эскертүү актыларын тапшырууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here