Кыргыз Республикасынын конституциясынын тарыхы

0
1513

Конституция бул — өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи
Жалпак тил менен айтканда эл менен өкмөттүн ортосундагы келишим
Алгачкы жазылган Конституция 1787-ж. АКШда кабыл алынган жана 200жылдан ашуун убакыттан бери эч кандай өзгөрүүлөр киргизе элек . Анын себеби коституцияны жазууда жалан гана адвокаттар,плантаторлор,врачтар бизнесмендер соодагерлер жана ойлоп табуучу Бенджемен Франклен болгон.
Ал эми Эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993 -жылдын 5 -майында 350 депутаттан турган «легендарлуу парламент» тарабынан кабыл алынган.

* Президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен 1994 -жылдын 22 -октябрында референдум өткөрүлүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Натыйжада, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлүп, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.

* 1996 -жылы 10 -февралда республикада Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлгөн, натыйжада парламенттин укуктары чектелип, президенттин укуктары күчөтүлгөн. Натыйжада, президент өкмөттүн структурасын аныктады, эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен республиканын премьер -министрин дайындады. Ал эми премьер -министрдин сунушу боюнча ал өкмөт мүчөлөрүн, Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен Кыргызстандын башкы прокурорун, республиканын Улуттук банкынын төрагасын ж.б. Негизги өзгөртүү — жерге менчикти сатууга уруксат берилди
1998 -жылдын 17 -октябрында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум өттү. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны өзгөрдү. Эл өкүлдөрүнө 45 мандат, депутаттарга 60 мандат берилди. Өзгөртүүлөргө ылайык, алардын 15и партиялык тизме менен келиши керек болчу.

* Кийинки референдум 2003 -жылдын 5 -февралында өткөрүлгөн. Ошол кездеги Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жарандардын митингдерди жана акцияларды өткөрүүсүнө чектөө киргизилген. Президент премьер -министрдин сунушу боюнча өкмөт мүчөлөрүн, ал эми БШКнын мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындай баштады. Ошондой эле, бул өзгөртүүлөргө ылайык, «экс-президент» статусу кошулду, президенттик мөөнөт бүткөндө мамлекет башчы кол тийбестикке ээ болду. Жазылган: президент кылмыштуу, административдик жоопкерчиликке тартылган эмес. Муну менен катар президенттин туугандары дагы мамлекет тарабынан каржыланары кошумчаланды.
Курманбек Бакиевдин убагында:

* 2005 -жылдагы март ыңкылабынын негизги ураандарынын бири Конституцияга өзгөртүү киргизүү болгон. Бирок Курманбек Бакиев Конституциянын биринчи вариантын кайтаруунун ордуна башка Конституцияны жаза баштады. 2005 -жылдын 6 -октябрында Кыргызстандын президенти К.Бакиев «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Буга байланыштуу Конституциялык кеңешменин курамы түзүлдү. Натыйжада 2006 -жылдын ноябрь жана декабрь айларында Негизги Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Кийинчерээк алар Конституциялык Сот тарабынан жокко чыгарылган.
* 2007 -жылдын сентябрында Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. 2007 -жылдын 21 -октябрында өткөн жалпы элдик референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору жактырылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 22 -октябрдагы жарлыгы менен 2005 -жылы шайланган өлкөнүн парламенти таркатылган. Анын ордуна 2007 -жылдын 16 -декабрындагы шайлоодо партиялык тизме менен келген 90 депутаттан турган жаңы парламент шайланган. «Ак жол» партиясы парламенттеги 90дун 71инин 71ин, КСДП 11 -орунду, Кыргызстан коммунисттик партиясы 8 мандатты ээледи.

2010 -жылдын апрелинен кийин, референдум түштүктө болуп өткөн окуялардын чыңалган абалына байланыштуу өттү.
жаңы Конституция Өмүрбек Текебаевдин жетекчилиги астында кабыл алынган
Референдумдун жыйынтыгы боюнча, өлкө президенттик башкаруу формасынан парламенттик башкарууга өттү, анда президент алты жылдык мөөнөткө шайланып жана кайра шайланбайтурган болот; депутаттардын саны 120га чейин көбөйөт; эксперттердин белгилеши боюнча мыйзамдын тексти олуттуу кемчиликтерди камтыган.

Ал эми жаны конститкция 2021 жылдын 11- апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган .
Видео:

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here