Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган эл

0
2344

Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган элге КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев барды.Жеринде эл менен жолугушуп,түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү үчүн Лейлек районун акими жана тиешелүү күч органдары жарандар менен иш алып барууда.
Негизинен жолду тоскон элдин талабы убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын бошотуп берүү талабы менен чыгышкан.

Эске салсак 2021-жылдын 3-август күнү саат 15:40 чамасында Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында Катраң айыл аймагынын 25-30га жакын жергиликтүү тургундары Алмалуу тоосундагы “Апрельское АZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын таштап келе жаткан оор жүк ташуучу автоунаасын жолдон тосуп алышып, чыгарылган техникаларды кайра алып кетүүсүн талап кылышкан. Чогулган элдер менен Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги О.Кочкоров, Лейлек РИИБнүн начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Катраң айыл аймагынын башчысы Э.Салибаевдер түшүндүрүү иштерин алып барышкан.

Саат 20:10 чамасында чогулган элдердин саны 150гө чукулдап, техникаларды жүктөп келген оор жүк ташуучу автоунааны (тралл) кайра артына кайтарышкан учурда, Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Рахманкулов жана Лейлек районунун прокурору Ж.Асатовтор элдер менен жолугушкан. Райондун бийлик өкүлдөрүнө элдер алтын кендин иштетүүсүнө толугу менен каршылыгын билдиришип, техникаларды кайра артка кайтаруусун талап кылышкан.
Саат 23:00 чамасында алтын кен иштетүүчү ишкананын кызматкерлери алып келген техникаларын кайра кайтаруу үчүн барган учурда, 2021-жылдын 4-август күнү саат 03:00 чамасында Катраң айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары артынан барышып, ишкананын кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Натыйжада 4 жаран денелеринен жараат алышып, Лейлек РБОна кайрылышкан. Ошондой эле ишканага таандык автоунаасынын алдыңкы, арткы жана оң каптал айнектерин таш менен уруп, жараксыз абалга келтиришкен.
Аталган жагдай боюнча 2021-жылдын 4-август күнү Лейлек РИИБнүн КЖБРне катталып КРнын ЖКнин 265-берене (Жолдорду мыйзамсыз тосуу), 266-берене (Ээн баштык) жана 355-беренелеринин негизинде (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

                                                     

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here