Курман айт майрамынын тарыхы

0
752

Кѳкүрѳк толо кубанычтын, кѳңүл кубанткан белектердин, жайыл дасторкондо жадырап-жайнап конокторду тосуунун мезгили жакындап калды. Анын негизги себеби, баарыбыз кѳптѳн күткѳн, сүйүктүү майрамдарыбыздын бири — Курман айт. Бул Жараткандын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалган, Орозо айттан кийинки мусулмандардын негизги майрамы. Ал Зуль-Хиджа (мусулман календары боюнча) айынын онунчу күнүнѳн он үчүнчү күнүнѳ чейин белгиленет. Курман айтты – ислам ыйыктарына зыярат кылган, ажылык кылуу менен жыйынтыкталат.

Курман айт майрамынын тарыхы, Аллах Ибрахим пайгамбардын (инжилде Авраам) (ага тынчтык болсун!) ишенимин сыноо максатында кылган чечими менен түздѳн-түз байланышта. Кудуреттүү Аллах анын түшүнѳ кирип, жалгыз уулу Ысмайылды (ага тынчтык болсун!) курмандыкка чалууну буюрат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Аллах анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Мусулмандар Курман айтты майрамдоо менен бирге, ѳз дининин башатына кайрылып, анын ырым-жырымдарын аткаруу, Ибрахимдин (ага тынчтык болсун!) жалгыз Аллахка болгон терең ишеними менен байланыштырат.

Кийинки кылымдарга адамзат үчүн Жараткандын ѳкүмү берилген: кимде-кимдин ишеними Ибрахимдин (Авраам) ишениминдей болсо, анда анын күнѳѳлѳрү Жаратуучу тарабынан кечирилет, аны жакшы иштерди жасоо жана Жалгыз Кудайдын талаптарын аткаруу менен бекемдѳѳ керек. Майрамдын мааниси, адам канын тѳгүүгѳ укук берилбегендигинде. Ал бүгүнкү күндѳ ѳтѳ актуалдуу. Анткени, исламды ырайымсыз жана кан тѳгүүгѳ умтулган дин катары күнѳѳлѳѳгѳ аракет кылып келишет.

Курман айт – бул адамзат тарыхындагы гумандуулуктун жана монотеизмдин (бир гана кудайга сыйынуучулук) улуу майрамы. Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени, Ибрахим (ага тынчтык болсун!) Кудайдан ал жѳнүндѳ чыныгы илим алып, Аллах тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр-бир сыйкырдуу үрп-адат эмес. Аллах эч нерсеге муктаж эмес. Болгону, күнѳѳнүн кесепеттери жана ишенимдин сакталышы жѳнүндѳгү эскертүү.

 

Автору: Сезим Токтобек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here