БАТКЕН:БАТКЕН РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ КАПТОО

0
630

БАТКЕН:БАТКЕН РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ КАПТОО

19-июль күнү саат 19:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баткен районунун, Кыштут а/а, Газ айылында сел жүрүүчү сайлардан сел жүрүп, 2 ички чарбалык көпүрө бузулуп, 3 даана электр мамычасын сел агызган.
Күртөң, Сай-Маала, Сасык-Булак, Ийрилиш тилкесинде бир нече турак үйлөрдүн короолорун жана ошондой эле ички чарбалык жолдорду сел суулары каптаган.
Кыштут айылында Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун айрым жерлерин жана ички чарбалык арыктарды кум шагылга толтурган.
Согмент айылында сел 1 сарайды, 1 ички чарбалык көпүрөөнү толугу менен жууп, 6 турак үйдүн ичине жана 8 турак үйдүн королоруна сел суулары кирген.
1 даана электр мамычасын сел агызып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Бүгүн жерине селдин кесепеттерин жою иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин Баткен райондук 12 куткаруучу, Кыштут а/а, 1 экскаватор, РЭТтен 10 кызматкер тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here