Аксыда сел агызган алты киши бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп чыкты.

0
1184

Аксыда сел агызган алты киши бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп чыкты. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.

Сел агызган сегиз адамдын ичинен жетөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү экени такталды. Жаан катуу жааган маалда алар Жолборсту айылында тигилген чатырда болушкан. Издөө иштеринин натыйжасында алты адамдын сөөгү табылды. Алар 63 жаштагы жана 40 жаштагы аялдар. Ошондой эле 12, 7, 16, 3 жаштагы балдар. Мындан сырткары, 5 жана 3 жаштагы бөбөктөр изделүүдө. Анын бирөө ушул үй-бүлөнүн мүчөсү», — деди Султанмуратов.

Учурда эки бөбөктү издөө иштери уланып жатканы айтылды. Ага 100дөй адам тартылган.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Мал-Калды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ сел сегиз адамды агызып кеткенин айтып, анын ичинен алтоонун сөөгү табылганын билдирген. Кийинчерээк райондук милициядагы ишенимдүү булактар табылган беш адамдын ичинен экөө аял, бирөө эркек жана бири жаш кыз экенин айткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here