Өзгөчө кырдаалдар министри Баткен облусун кыдырууда

0
499

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Баткендеги сел жүргөн аймактардан кабар алды. Бул тууралуу ӨКМдин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти. 

Министр алгач Раззаков шаарындагы Жаңы конуш, Алтын-Бешик жана Чыгыш көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушуп, селден жабыркаган турак үйлөрдү көрүп чыкты.

Андан аркы жолугушуу Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы взводунда болуп, куткаруучулардын иштөө шарты жана техникалык каражаттары менен таанышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here