Лейлекте 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет 

0
345

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы курулуп жаткан 150 орундуу мектеп пайдаланууга даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин сметалык баасы 84 млн 516 миң 332 сомду түзгөн. Бул имаратка каражат республикалык бюджет жана Мамлекеттик казына облигациялары тарабынан каржыланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here