Кыргыз — Таджик чек — арасы тынч эмес!

0
591

8-июль,
саат 17.00 кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чашмагильдан ашуусунда
Кыргызстандын чек ара кезмети күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болуп , аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алган.. Кыргызстандын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунун жыйынтыгында 1994-жылы туулган КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкери сержант Хуснидин Хожиев каза болгондугун маалымдайт.Ал эми тынч жашоону энсеген эл чек ара сызыгы тезинен такталып тоспо менен тосушун айтышат
Чек арачынын өлүмүнүн жагдайлары такталып жатат.
Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда тажик тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар.
Окуя болгон жерде КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы , полковник Кыялбек Төлөнбаев жана күч структуралырынын жетекчилери иш алып барышууда.
Жергилукту тургундар чек ара маселесине наразы болушуун айтууда
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы — 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Видео:

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here