Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктү кайра иштетип, май чыгаруучу чакан цехтер ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, бул долбоордун негизинде жергиликтүү багбан-фермерлерге өрүктү отургузуу, өстүрүү, кам көрүү боюнча атайын окуулар өткөрүлүп, өндүргөн продукцияларын кайра иштетип кирешеге чыгуу үчүн чакан цехтерди ачууга жол көрсөтүлөт.
Муну менен Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктү кайра иштетип, кургатып, как кылып, май чыгарган ишкана ачуу. Натыйжада, кымбат баадагы экологиялык жактан таза өрүктүн өндүрүлгөн продукциясынын көлөмүн көбөйтүп, экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.