Баткенде жыл башынан бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда 11 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынан 11 өспүрүм ар кандай жараат алып, 2 өспүрүм көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга төмөн.
Облустук жол кыймылынын коопбуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облус аймагындагы жайгашкан билим берүү мекемелеринде, мектеп жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар менен жолугушууда жол кыймылынын эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.