Кызыл-Кыяда соодагерлерди алдоого шектелип 34 жаштагы аял кармалды

0
407

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган тургун Кызыл-Кыя шаарынын Таштемир-Ажы базарындагы соодагерлерди ушул жылдын январь-февраль айында сатуучулардын ишеничине кирип, алардын мүлкүнө ээ болуу максатында ар кандай материалдык буюмдарды алдоо жолу менен алып, товардын акчасын алып келип берем деп, изин жашырып качып кеткен.

Окуя боюнча милицияга 8 жаран арызданган. Кармалган жаран соодагерлерге 600 миң сомдук зыян келтирген.  

Бул факты Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн КБРне жазык кодексинин   “Алдамчылык” беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иши башталган. 

 Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here