Издөөдө жүргөн эки кыргызстандык кыз “Крокустагы» терактыдан каза болду

0
342

“Крокус сити” терактыда эки кыргызстандык кыздын аты-жөнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар мининистрлигинин набыт болгондордун жаңыланган тизмесине кошулду.

Тизмеден теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызынын ысымдарын көрүүгө болот. Алар каргаша болгон күнү концерттик залдын ичинде иштеп жатканы айтылган.

Тизмеде терактыдан 120 адам мерт кеткени жазылган. Бирок бул да алдын ала маалымат экени белгиленди. Соттук-медициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жараша дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here