23-март күнү саат 02:07де Таджикистандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинен билдиришти.
ӨКМдин маалыматына таянсак, жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, ал эми Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.