Чек ара кызматы баткендиктерди жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды

0
2092

Бүгүн-22-мартта Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен облусунун аймагында “чек арада абал тынч эмес, тажик тарап дагы бир кол салууга даярданууда”- деген маалыматтарды четке кагып абал туруктуу деп мүнөздөлүп жатканын билдирди.  

Чек ара кызматынын маалыматка караганда, Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында  Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү  тажик  тараптын  өкүлдөрү менен  ар кандай  деңгээлдеги жолугушууларды ар дайым өткөрүп турушаарын белгилеп,

“ Анткен  менен,  акыркы  мезгилде жергиликтүү калктын арасында такталбаган жана  чындыкка дал келбеген  маалыматтар  таркаган учурлар көбөйүүдө. 

Мындан улам Чек ара кызматы  жарандарды  ар кандай ушак-айыңдарга  жана ызы-чууга  алдырбоого чакырат.

Кандайдыр бир  суроо  жарала турган учурда жарандар  жакынкы  чек ара бөлүмдөрүнө  кайрылуулары  зарыл.”- деп билдирилет Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here