Үч адамды өлтүрүүгө шектелип УКМКнын мурдагы кызматкери кармалды

0
2858

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну Бишкектин 5-кичи районунда аялдын эки баласы менен өлтүрүүгө шектелүүдө.

Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шектүү Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, тергөө иштери уланууда.

Маалым болгондой шектүү буга чейин КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер, спортчу, жаш активист катары белгилүү болчу. Укук коргоо органдары аны УКМКнын мурдагы кызматкери  экенин белгилешти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here