Түркияда жалпы 8миңден ашуун адам уранды астынан аман куткарылды

0
735

Түркиядагы жер титирөөдө жаракат алган 81 миңден ашуун жаран ооруканадан чыгарылды. Ал эми издөө-куткаруу топтору тарабынан урандылардын астында аман куткарылгандардын саны 8 миңден ашты. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин түрк маалымат каражаттары жазды.

Белгилей кетсек,  Түркиянын 10 шаарын камтыган күчү  7,8 баллга жеткен жер титирөөнүн катталганына бүгүн 10 күндүн жүзү болду. «Анадолу» агенттиги зилзаладан курман болгондордун саны 35 миңден ашканын жазды.

Ал арада Кыргызстандын каржы министрлиги “Түркияга Жардам” атайын депозиттик эсебине 15-февралга карата 17 млндон ашуун каражат топтолгонун билдирди.

Мындан сырткары кыргыз бийлиги Түркиянын кырсык болгон аймактарына 143 куткаруучусун жөнөткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here