Кадамжайда алдамчылыкка шектелген 43 жаштагы жаран кармалды

0
1428

Облусттук милициянын берген маалыматына ылайык, өткөн жылдын ноябрь айында «Курма мөмөсүн сатып берем»- деп алып кетип изин жашырган жарандын үстүнөн Кадамжайдын Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынан сегиз арыз түшкөн. Шектүү арыздануучуларга 82 миңден ашуун каражат зыян келтирген.

Жергиликтүү милиция тарабынан шектүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунан кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү мурда да «алдамчылык» беренеси менен сот жообуна тартылганы маалым болгон.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here