Муфтият Түркияга 16 млн сом акчалай жардам топтоду

0
973

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети Муфтийдин орун басары Самидин Атабаев баш болгон дин өкүлдөрү Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган баштаган элчилик кызматкерлерин зыярат кылып, зилзалада набыт болгон маркумдарга багыштап Куран окушту.

Муфтияттын маалыматына ылайык, Туркияга жардам көрсөтүү үчүн, өлкө аймагындагы имамдардын аракети менен элден 16 млн 417 миң сом акчалай жардамдар топтолуп, бирдиктүү мамлекеттик эсепке которулду. Анын ичинде Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты 1млн 506миң сом которгон.

Маалыматка ылайык, бир тууган түрк элине моралдык колдоо катары ушул кезге чейин мечит-медреселерде тынымсыз Куран окуп, дуба кылуу сыяктуу руханий өнөктүк жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here