ӨКМ кызматкерлеринин эмгек акысы парламентте көтөрүлдү

0
909

Жогорку Кеңештин депутаттары ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек маянасы тууралуу маселе көтөрдү. Депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Винера Раимбачаева жана Чыңгыз Ажибаевдер парламент жыйынында ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине үч айлык үстөк акыны төлөп берүү сунушун билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 4-ноябрында өкмөттүн токтомуна ылайык, чек ара аймактарында кызмат өтөгөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине айына 30миң сомдон үстөк акы төлөнүп баштаган. Эл өкүлдөрүнүн айтымында алардын катарына куткаруучулар кирбей калган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here