Баткен шаарында Түркияга жардам көрсөтүү үчүн марафон өтөт

0
855

Түркия мамлекетинде болуп өткөн жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында, бүгүн 9-февралда А.Жайнаков атындагы музыкалык драма-театрынын алдында саат 15:00дө марафон өткөрүлөт.

Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясы, фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу шаардыктарга кайрылды.

Урматтуу Баткен шаарынын тургундары!
Биз түрк эли менен тилибиз, дилибиз, тарыхыбыз, тамырыбыз бир боордош элбиз.
6-февраль күнү Түркия мамлекетинде болуп өткөн зилзаладан жапа чеккен боордошторубузга жардам берүү максатында Баткен шаарында акча каражатын чогултуп, көмөк көрсөтүү иши башталды.
Табият кырсыгынан эч ким корголгон эмес.Баарыбыз биримдикте боордошторго көмөк көрсөтөлү-деп айтылат кайрылууда.
Маалым болгондой, Баткен шаардык мэриясынын жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Түркиядагы зилзаладан жапа чеккен боордоштор үчүн которду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here