Мэр жана аким катышкан унаа кырсык боюнча маалымат берилди

0
1648

Баткен шаарынын мэри жана Баткен районунун акими катышкан жол кырсыгы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда болгон. Окуяны Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов тастыктады.

Анын айтымында окуя 18-январда болгон. Айдоочу муз тоңгон тайгак жолдо рулга ээ боло албай, башкаруусун жоготкон. Кырсыктан эч ким жаракат алган эмес. Унаа аймактагы милициянын унаа токтоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жетекчилер катышкан унаа кырсык боюнча укук коргоочу Гулгаакы Мамасалиева бүгүн фейсбук баракчасына жазды. Ал жетекчилер бараткан унаа кызматтык унаа экендигин белгилеген.

Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматына таянсак, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Баткен районунун акими Учукунбек Жоробаевдер учурда кызматтык милдеттерин аткарууда, алардын саламаттыгы жакшы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here