Баткенде заманбап мал базар май айында пайдаланууга берилет

0
1209

Муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси Акрамали Акматовдун маалыматына караганда, Баткенде 1,50 га жер коммерциялык багытка трансформацияланып, муниципалдык, заманбап мал базардын курулушу жүрүп жатат.

Маалыматка таянсак, учурда мал базар бетон тосмолор менен тосулуп, бодо жана майда мал, жылкылар үчүн жалпы 5 мал сатуучу үстү жабык жайлар курулууда. Ошону менен бирге мал байлоочу тосмолор да орнотулат.

Мындан тышкары ветеринар жана санитарлардын кабинеттери менен административдик имарат курулуп, мал жүктөп кетүү үчүн эстекадалар да болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here