Мурат Салихов көчөсүнүн тротуары жакынкы күндөрү бүткөрүлөт

0
652

Сүрөт: Архив

Бул тууралуу «Кыргыз лидер курулуш» компаниясынын башчысы Бекболот Нажимидинов билдирди.
М.Салихов көчөсүндөгү тротуардын курулушу февраль айынын аягында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

2022-жылы М.Салихов көчөсү «Кыргыз лидер курулуш» компаниясы тарабынан тротуардын курулушу башталган. Тротуар куруу иштери кечиктирилгендигинин себеби жер талаш маселеси жаралып, иш сотко ашып декабрь айында чечилген. Ошондой эле күндүн өтө сууп кеткендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтоп турган.

Белгилей кетсек, М.Салихов көчөсүнүн чыгышында жалпы узундугу 500 метр, 940 метр квадрат тротуар курулууда. Бручатканын калыңдыгы төрт жарым сантиметр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here