Баткенге төрт өнүктүрүү борбору ачылат

0
736

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган борборлор үч жана беш жаштагы балдарга арналган. Бул кыска мөөнөттүү бала бакчаларда балдар үч саат билим алышат. Анын экөөсү Лейлек районуна, экөө Баткен районуна курулат.

Мындай борборлор өлгөдөгү жети облуста ачылат.
Өнүктүрүү борборлору Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө”долбоорунун алкагында түзүлөт.

Маалым болгондой, буга чейин, Билим берүү жана илим министрлигине жергиликтүү бийлик органдарынан мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча 105 өтүнмө келип түшкөн. Буга байланыштуу атайын түзүлгөн комиссия 60 объектти тандады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here