Чек арадагы 429 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

0
895

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам үй-жайсыз калган 429 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Жардам ӨКМдин эл аралык уюмдар менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде уюштурулган.

Жардам алуучу 429 үй-бүлөнүн  Бишкек шаарында убактылуу баш калкалап жаткан 24 үй-бүлөгө таратылды.

Берилген жардам БУУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча борбордук фондунун жана Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен алынды. Мындан сырткары  БУУнун Качкындар жана дүйнөлүк азык -түлүк программасынын алкагында да көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле, БУУнун миграция боюнча эл аралык агенттиги тарабынан үй-жайы толугу менен өрттөлүп талкаланган баткендиктерге турмуш тиричиликке эң зарыл болгон буюмдар, кийим-кечелер берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here