Окуучулар арасында улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталат

0
813

Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлик тараткан маалыматка караганда улуттук олимпиада төрт этап менен өткөрүлөт. Анын I жана II этабы онлайн форматта өтүп III -IV этап офлайн режимде жүргүзүлөт.
Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондой эле окуучуларга улуттук олимпиадага жана республикалык олимпиадага дагы катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектеп окуучуларынын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү жана даярдоо максатында улуттук олимпиаданы 2020-жылдан тарта өткөрүп келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here