Электр энергиясын керектөө өсүп жабдуулар көтөрө албай жатат

0
933

Баткен облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан өчүрүүлөр суук аба-ырайына байланыштуу, керектөөчүлөр тарабынан электр энергиясына керектөө өсүп, жабдуулар көтөрө албай жаткандан улам жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен Электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын ыкчам тобу тургундарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 24 саат иш алып барууда. Мындай өчүрүүлөр кайсы уакытка чейин жүрөөрү белгисиз экенин кошумчаланды.

Буга чейин 16-январда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков электр энергиянын өчүшүн жөнгө салуучу чара экенин жана жабдууларды сактап калуу максатында мындай кадамга барып жатканын билдирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here