Кадамжайда сууктан улам бир бала бакча жабылды

0
828

Баткен облусттук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, катуу сууктан улам Кадамжайдагы Чаувай айыл өкмөтүндөгү “Мээрим” балдар бакчасы жабылды. Бакчанын ачылуусу аба-ырайына байланыштуу болот.

Белгилей кетсек, Санэпидкөзөмөл департаменти Кыргызстандагы 1 миң 865 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ичинен 47си жабылганын кабарлаган. Алардын 22си Нарын облусунда, бешөө Чүй облусунда. Ал эми Талас облусунда бирөө, Жалал-Аба облусунда 17 бала бакча өлкөдөгү суук аба ырайына байланыштуу убактылуу ишмердүүлүгүн токтотту.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here