Ош шаарында 33 жаштагы үч балалуу келин балдары менен иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Окуядан келин менен кошо анын 10 жаштагы уулу, 9 жаштагы кызы жана 4 жаштагы уулу каза болду.
Кырсык 10-январь күнү кечинде болгон. Келиндин жолдошу ал күнү жумушунда болгон. Милициянын маалыматына таянсак, ал 11-январь күнү үйүнүн эшиги бек болгондуктан талкалап кирип, үй-бүлөсүнүн каза болуп калганын көргөн.