Чек ара жаңжалында курман болгон аскерлер тууралуу китеп чыгат

0
1089

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик куралдуу жаңжалында курман болгон аскерлердин элесине арнап китеп чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады

Ташиев бул тапшырманы 10-январда өткөн кеңешмеде бергени айтылат.

УКМКдан китепти бардык орто мектептерге жана жогорку окуу жайларга таркатып берүү пландалып жатканын билдиришти. Мындан тышкары, китеп билим берүү мекемелеринин окуу программасына да киргизилиши мүмкүн.

Ошондой эле Ташиев кеңешмеде китепти чыгарууга өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана ишти 2023-жылдын 31-августуна чейин же кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын бир жылдыгына чейин бүтүрүүнү тапшырган.

Китеп чыгаруу,окурмандардын, өзгөчө жаш муундардын патриоттук сезимин жогорулатуу жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатын көздөйт.

Китепти жазууда кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, маркум аскерлердин согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды, — деп айтылат маалыматта.

Аны менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги белгиленет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here