Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Нурматовдун маалыматында, 2022- жылы Баткен облусунун аймагында 648 өрт кырсыгы катталган.
Анын 462си чек арадагы калабада болгон.
Өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 2 млрд 423 млн 524 миң 111 сомду түзгөн.
Бул статистикага таянсак, өрт кырсыктары 2021-жылга салыштырмалуу 36,4 %га өскөн.