10-январь күнү эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин киргизилди.
Учурда Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.