12-январда аба ырайы  -38градуска чейин төмөндөйт

0
1569

Кыргыз гидрометтин маалыматында  12-январда күн катуу сууйт. Абанын температурасы кескин төмөндөп,Баткен ​облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14градус  болот.

Өлкө аймагында катуу суук Суусамыр өрөөнүндө болот. Түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Адистер жарандарды мүмкүн болсо сыртта көп убакытка жүрбөө, өзгөчө жаш балдардын  үйдөн чыкпоосу туура деп белгилейт.

Ал эми айдоочулар узак сапарга чыгууда унаанын абалын текшерүү, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруусун, унаалар менен ортодо  500 метр аралыкты карманууну эскертишет.

Белгилей кетсек, күтүлгөн суукка байланыштуу окуучулардын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here