Баткенде сегиз бала бакча жабылды

0
1785

Облус аймагында сасык тумоого байланыштуу ушул күнгө карай 8 бала бакча карантинге жабылып турганын бүгүн «Салдам Медиага» Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.

Бул бала бакчалар Лейлек району менен Сүлүктү шаарында. Облус борборунда жана калган район-шаарлардагы бала бакчаларда балдардын келүүсү 80 пайыздай болуп жаткандыктан жабууга зарылдык жок. Ал эми облус аймагындагы бардык мектептер өлкөнүн башка аймактарындай эле Билим берүү министрлигинин чечимине ылайык, өткөн жуманын соңунан тарта онлайн окууга өткөн.

Жалпысынан облус аймагында азыр сасык тумоого байланышкан кырдаал өткөн жумаларга салыштырмалуу турукташып калды. Маселен акыркы суткада курч респератордук ооруулар менен 736 учур катталып, анын 44тү ооруканада дарыланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here