Коронавирус, өздүк гигиена жана маалыматтык гигиена

0
1517

Бул темалар окуучулар менен болгон маалыматтык жолугушууда негизги тема болду

Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы Кара-Токой гимназия мектебинин окуучуларына дарыгерлер менен медиа тренерлер коронавирустан сактануу жана медиасабаттуулук боюнча маалымат беришти
Баарыбызга маалым 2019-2020-жж дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавируска, фейк маалыматтардын тездик менен тарашы адам баласынын үрөйүн учурганы чындык.
Фейк маалыматтардан улам,дүкөндөрдө азык-түлүк, дарыканаларда дары дармек таңкыстыгы жаралган.

40фактчекингдик редакция курамына кирген эл аралык топ,эки айдын ичинде 1300эң популярдуу фейктерди аныкташкан.
Маалыматтык жолугушууда окуучулар менен Coogle жана Яндекс аныктаган Борбордук Азияда тараган фейк маалыматтар талкууланды
Ошондой эле окуучулар «Вакцина жана коронавирус жөнүндө фейк маалыматты айырмалай аласынбы»деген тесттен өтүштү

Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш мектептеринде уюштурулуп жаткан бул иш чаралар Юнисефтин колдоосу менен ишке ашууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here