Кадамжайда өзбекстандык айдоочулар аралашкан жол кырсыктары көбөйүүдө

0
2205

Кадамжай району аркылуу Өзбекстандын эксклавдарына каттаган айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыктан жол кырсыктарына кабылган учурлар көбөйдү. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн билдиришкенге караганда, акыркы күндөрү эле ушундай 3 жол кырсыгы катталып, андан жабыркаган кыргыз жарандары ооруканаларга кайрылган.

Мындан улам өткөн жуманын соңку күндөрү Кадамжай райондук милициясынын кызматкерлери Кадамжай шаарындагы Фергана чек ара постунунун алдында Өзбекстандын Сох, Шаймардан эксклавдарына каттаган айдоочуларга Кыргызстандын ичиндеги айыл-кыштактарда жол эрежесин сактоо, ылдамдыкты төмөндөтүү менен жол кырсыгынын алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Өзбекстанга тиешелүү Сох жана Шаймардан анклавдары Баткен облусунун аймагында жайгашкан. Андагы жашоочулар Өзбекстандын негизги аймагына каттоодо кыргыз айылдарын аралап өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here