Балдар башкарат: 16 жашар Сауле Жогорку Кеңеште жыйын өткөрдү

0
660

ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү Кыргызстанда 20-ноябрь БУУнун Баланын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынган күнүнө карата бир нече иш чараларды өткөрдү
Алардын катарында: “Балдар башкарат” иш чарасы — бул бүткүл дүйнөдөгү балдарга ЖМКда, саясатта, бизнесте, спортто жана көңүл ачууда тизгинди колго алып, билим берүү, коргоо жана башка негизги укуктарында көйгөйлөргө бет келген миллиондогон курдаштарына колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берген демилге.

Кыргызстанда ЮНИСЕФтин жетекчилиги алдындагы кампанияга Жогорку Кеңеш, Ош облустук администрациясы, ЕБ делегациясы, ЕККУ жана Демир Банк катышты.

Жогорку Кеңеш 16 жашар Сауле Нарынбекованы социалдык маселелер боюнча комитетте жыйын өткөрүү үчүн чакырды. Сауле экология маселелери жана кыздардын билими, өзгөчө табигый илимдер, технологиялар, инженерия жана математика (STEM) боюнча билим алышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

15 жаштагы Абдулкадыр Дүйшөналиев Бишкектеги Улуттук китепканада ЕБ элчиси Мэрилин Йозефсон менен чогуу “Жашыл фестивалында” тең төрагалык кылып, шаарда тазалыкты сактоо үчүн акылдуу таштанды үкөктөрү жана кайра иштетүүнү жайылтуу боюнча айтып берди.

7 жашар Шахида Амирова болсо Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы элчиси Алексей Роговдун ордун ээледи. Шахида жаңсоо тили менен сүйлөп, инклюзивдүүлүк, толеранттуулук жана балдардын укуктары боюнча ойлору менен бөлүштү.
Ал эми Демир Банк 15 жаштагы Нурел Жайлообаевди Л. Шевки Сарылар башкы менеджери менен баарлашуу үчүн кеңсесине чакырды.

Ошондой эле 15 жаштагы Аманда Сабирова Ош облустук администрациясынын губернаторунун орун басарынын кызматын ээлеп, айыл жерлериндеги жана алыскы аймактардагы саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгү боюнча кеп козгоду.
Дагы бир катышуучу, 9-класста окуган Хадича Бекмамат кызы губернатордун администрациясында кеңешчи катары тизгинди колго алып, мектептердеги технологиялардын жоктугу, гигиенаны жайылтуу сыяктуу билим берүү жаатындагы маселелерди көтөрдү.

Бул кампанияны белгилөө үчүн ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен бирге «Go Blue» чакырыгы алдында Кыргызстандагы маанилүү имаратттарды көк түскө боёшту. Имараттардын катарында Тарых музейи, БУУ үйү, Ош шаардык мэриясы жана Демир Банктын Бишкектеги башкы кеңсеси болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here