Баткендин чек ара айылдарына трансформатор келди

0
617

Кечээ 25-октябрда Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттары жана Кара-Суу биримдиги фонду Баткен районуна эки трансформатор жиберди. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Баткен электр тармагынан билдиришкендей трансформаторлордун кубаттуулугу 160 киловатты түзөт. Ошондой эле трансформаторлор Баткен районунун чек арага чектеш Ак-Сай жана Кызыл-Бел айылдарына орнотулат.

14-17- сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өлкө аймагынан Баткен облусуна ар кандай жардамдар жөнөлүүдө. Аталган саамалык да чек ара айылдарына көмөк көрсөтүү максатында ишке ашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here