Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон иш сапарында бир катар объектилер менен таанышты

0
750

Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон иш сапарында бир катар объектилер менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырып чыкты. Бул тууралуу министирлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун эс алуу жайынын иши, футбол аянтчасынын, ошондой эле операциялык бөлүмүнүн абалы менен таанышты.

Мындан сырткары, Эдил Байсалов 500 окуучуга эсептелген №3 У.Салиева атындагы орто мектептин аймагында болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы жаңы спорт залынын ачылыш аземине катышты. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жумушчу сапарынын соңунда, борбордук стадионго барып, машыктыруучулар курамы үчүн жаңы заманбап имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here